Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЭЛЕКТРОНДУК ТӨЛӨМ ДОКУМЕНТИ – электрондук таризде түзүлгөн, электрондук сандык кол коюу менен ырасталуучу эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн зарыл болгон маалыматтар бар төлөм документинин бир түрү.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЭЛЕКТРОНДУК ТӨЛӨМДӨРДҮ ЖҮРГҮЗҮҮ БОЮНЧА ТЕЙЛӨӨ КЫЗМАТТАРЫН КӨРСӨТҮҮЧҮ КАРЖЫЛЫК ЖАНА БАШКА МЕКЕМЕЛЕР – ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген лицензиянын негизинде электрондук төлөмдөрдү ишке ашыруу боюнча каржылык кызмат көрсөтүүлөрдү ишке ашырууга адистештирилген каржы мекемелери жана башка коммерциялык банктар.